Ооганстан боюнча сүйлөшүүгө Бээжин киришет

Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттар баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү Ооганстанга тынчтык орнотуучу келишим кабыл алынышын каалайт.

Алардын мындай мазмундагы биргелешкен билдирүүсү 22-октябрда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Брюсселде эки күндүк иш сапары менен жүргөндө жарыяланды. Ал ортодо «Талибан» менен тынчтык боюнча сүйлөшүүнүн жаңы айлампасы эми Кытайда өтөрү белгилүү болду.

Батыш өлкөлөрүнүн жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Европа Биримдигинин биргелешкен кайрылуусунда «ар тараптуу жана туруктуу тынчтык келишимин» түзүш үчүн ооган өкмөтү, «Талибан» кыймылы, саясий лидерлер жана жарандык уюмдардын жетекчилери менен кызматташуу ниети жазылган.
видео БИШКЕК кыргызстан азаттык новости кыргызстана жаңылыктар жанылыктар жанылык кабарлар кабар жаңылык Кыргызстан новости КР новости последние новости Кыргызстана дүйнө Новости Кыргызстана Азаттык
0 комментариев