Талас шаарында акча майдалатып берген тургун күтүүсүз окуяга кабылды

Талас шаарында 21-октябрь күнү мектеп окуучулары жасалма 1 миң сомду чыныгы акчаларга алмаштырып, качып кетишкен. Бул окуя боюнча жабырлануучу милицияга кайрылганын билдирди.

«Мен Талас шаарынын тургуну болом. Өткөн аптада күтүүсүз окуя болду. Атама мектеп окуучулары келип: «Миң сом майдалап бериңиз» деп, акча сунушат. Атам 500 сомдук кылып майдалап берет. Тиги окуучулар акчаны алар менен качып жөнөшөт. Мен барып эле карасам, принтерден чыккан акчанын көчүрмөсү экен. Ошол замат милицияга кайрылдык. Башкаларга да ушундай кылышпасын деген максатта болду», - деди ал.
новости политика кыргызстан События Происшествия саясат акыркы жанылыктар жанылыктар бугунку жанылыктар Turmush KG Турмуш КЖ бийлик жасалма акча
0 комментариев